• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ала-Арча суусуна балык өстүрүү демилгебизди шаар тургундары колдошууда – мэр

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкек мэриясынын Ала-Арча суусуна балык өстүрүү демилгесин шаар тургундары колдошууда. Бул тууралуу Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

“Биз борбор калаабызды өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн командабыздын каалоосу жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Бардыгын четинен жасайбыз. Мына Ала-Арча суусуна балык кое берилди. Экологиялык акциябыздын аркасы менен блогерлер дагы кошумча балык алып келип сууга салышты. Биз ар дайым мындай демилгелерге жок дебейбиз. Шаар үчүн, шаардыктар үчүн жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек”, - деди ал.

Эске салсак, өткөн аптада Бишкектеги Ала-Арча суусунун түштүк тарабы таштандылардан тазаланып, жарыктандырылган. Ал эми каналга балыктар кое берилген. Мэрия муну менен каналдагы суу таза экендигин, таштандылардан арылса, балык жашай ала тургандыгын көрсөткүсү келген.

Пикир

Оставить комментарий