Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Ала-Арча суусунан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында Ала-Арча суусунан белгисиз адамдын сөөгү табылган.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий