Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын 1680 метр аралыгы тазаланып, 102 метр тирөөч дубалдары орнотулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 1142 метр аралыгы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан, ал эми 640 метр аралыгы ӨКМ тарабынан тазаланды.
Белгилей кетсек, бул иштер 2025-жылга карата "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" планына киргизүү максатында жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий