• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ала-Бука районунда 1,2 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик менчиктеги жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп бергендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районундагы 1,2 гектар жер тилкесин мамлекеттик менчиктен чыгарган факты аныкталды. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкеси пландоо долбооруна ылайык социалдык имараттарды курууга арналган. Бул жерде автобекеттин имараты жайгашкан.

Бирок, 2004-жылдан кийин бир нече жыл аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн айрым жооптуу кызматкерлери Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда көрсөтүлгөн 1,2 гектар жер тилкесин мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгаргандыгы аныкталган.

Ошону менен автобекеттин эки кабаттуу имараты мыйзамсыз жеке менчикке өтүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги маалым болгон.

Жыйынтыгында чогулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү "Коррупция" боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 12-ноябрында ИИМдин кызматкерлери Ала-Бука айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилерин жана Ала-Бука райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы кызматкерлерин кармашкан.

Жалпысынан беш жаран кармалып, алар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча айып коюлган.

Пикир

Оставить комментарий