• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ала-Бука районунда 15 медицина кызматкери карантинге алынды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20./Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев канча медицина кызматкери карантинге алынгандыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусунда, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 15 медкызматкер карантинге алынган.

"Алар коопсуздук чараларына жана кабыл алынган иш-чаралар алгоритмине ылайык иш алып барышты жана карантинге алынышты", - деди ал.

Боржиев билдиргендей, карантинден кийин алар үйлөрүнө кетишет. Андан кийин башка бригада келет, алар да иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин карантинге алынат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган 14 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооругандардын саны 144 кишиге жетти. Маалым болгондой, илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 9 медкызматкер бар. 2-апрелде коронавирус жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болду. Ал эми 9 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий