Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда болжол менен саат 14:15ден 14:35ке чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөндүр аралаш жаан катуу жааган.
ӨКМден кабарлашкандай, алдын ала алынган маалыматтар боюнча катуу жааган мөндүр аралаш жаандан турак-үйлөр жана адамдар жабыркаган эмес.
Жерине барып тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетишкен.
Пикир
Оставить комментарий