Ала-Букада 12,7 млн сомго жаңы спорт зал курулду — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек Кош-Болот айылында жаңы спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Көк-Серек айылынын өкмөт башчысы Камчыбек Исраиловдун айтымында, буга чейин айылдагы мектептин спорт залы жок болуп келген.

Ага ылайык, айыл өкмөт тарабынан балдардын бош убактысын спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүү максатында райондун өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган. Демилге колдоого алынып, бөлүнгөн 12 млн 700 миң сом акча каражатына жаңы заманбап спорт зал бүткөрүлдү.

Ала-Бука районунун Кош-Болот айылында 800дөн ашуун калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий