• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ала-Букада экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ала-Бука райондук милициясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, түшүндүрүү иштери райондун аймагындагы мектеп мугалимдеринин, окуучулардын жана ата-энелердин арасында өткөрүлдү.

Аталган жыйындын максаты экстремизм идеологияда жана саясатта чектен чыккан көз караштарды жана аракеттерди колдоочулук, улутчулдук жана диндик кыймылдардын тартиптерин окутуп үйрөтүү болуп саналат.

Милиция кызматкерлери ата-энелерге жана жаш өспүрүмдөргө коомдо экстремизмди пайда кылуучу факторлор социалдык, экономикалык кризистер, калктын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо деңгээлинин төмөндөшү себеп болоорун эскертип, аларга лекциялар окулуп түшүндүрмөлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий