• 87
  • 90.59
  • 0.86

Ала-Букада мектеп имаратынын сапатсыз курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Ала-Бука районунда мектеп имаратынын сапатсыз курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имараты сапатсыз курулгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө жогоруда көрсөтүлгөн орто мектебинин имаратын курууда жана кабыл алууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөй кабыл алынгандыгынын натыйжасында, баасы 59 млн 320 миң сомду түзгөн мектептин имараты сапатсыз курулгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, пайдубалынын ичине кум-шагыл ташталбастан, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары (перегородка), ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20 см. 40 см. чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен, дубалдарда жаракалар пайда болуп мектептин имараты окуучуларды кабыл алууга жараксыз абалга келип, жабылып калган.

Бул факты боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү жагы Ала-Бука районунун ИИБнө тапшырылган.

Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий