• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ала-Букада мектеп рекетчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мектептерде окуучулар арасындагы рекетчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, 16-18-октябрь күндөрү Ала-Бука райондук милиция кызматынын демилгеси менен 8 айыл аймактын мектептеринде рекетчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүшкөн.

Бул иш-чарага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, райондук прокуратура, билим берүү, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү жана айыл башчылар катышышкан.

"Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын ар кандай кылмыштардан алыс болуп, билим алууга үндөштү. Ошондой эле, жаштар арасындагы рекетчиликти алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чара кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий