• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ала-Букада милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жаштар арасында түшүндүрүү иштерин алып барышты. Эрте никеге туруунун терс жактары, кыз ала качуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу максатында лекциялар окулду.

Мындан сырткары, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектеп окуучулары арасында спорттун волейбол жана кичи футбол түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду.

Спорттук иш-чара учурунда милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан, ар түрдүү кырсыктардан алыс болуп, мекенди сүйүүгө жана кызмат кылууга чакырышты.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасында жарандардын арыз-даттануулары кабыл алынууда. Жергиликтүү тургундарга юридикалык кеңештер берилип, көпчүлүк маселелер жеринде чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий