• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ала-Букада жеке ишкер күнүнө 100 миңге чейин жумуртка өндүрүүгө багыт алды

Экономика 0


Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Ала-Букада жеке ишкер тоок фермасын кеңейтип, күнүнө 100 миңге чейин жумуртка өндүрүүгө багыт алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер Дилмухаммед Кошбаев алгач ал HAYLAIN SONYA породасындагы тоок багып, күнүнө 10 миң даана жумуртка өндүрүп, райондогу дүкөндөргө сатып турган. Эми ал мамлекеттин колдоосу ишканасын чоңойтту. Башкача айтканда, ага кошумча 0,45 га жер аянты трансформацияланды. Ал жерге 33 миң жөжө бакканга ылайыкташкан имарат курулуп, Өзбекстандан 16 миң баш LOMAN SENDI породасындагы жөжөлөрдү алып келген. Жөжөлөр 2025-жылдын январь айынан тартып жумуштка бере баштайт. Объектинин кошумча курулушуна 5 млн сомго жакын акча каражаты сарпталган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө 96 долбоор ишке ашырылууда:

  • балык чарба багытында — 14 долбоор;
  • канаттуулар чарбасы — 12 долбоор;
  • логистикалык борборлор жана кампалар — 13 долбоор;
  • питомниктер — 11 долбоор;
  • мал чарбасында — 8 долбоор;
  • илимий-агартуу демилгелеринде — 7 долбоор;
  • жүн иштетүүдө — 5 долбоор;
  • сүт багытында — 5 долбоор;
  • машина-трактор станциялары — 3 долбоор;
  • айыл чарба өсүмдүктөрүндө — 18 долбоор.

Жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий