Ала-Буканын Айры-Там айылында ветеринардык клиника ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Айры-Там айылында ветеринардык клиника ачылды.

Парламенттен билдиришкендей, ветклиниканын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышты.

Салтанатта Кыргызстандын көпчүлүк калкы мал чарбачылыгы менен алектенерин айткан төрага Нурланбек Шакиев: “Андыктан ветеринардык абалга өзгөчө көңүл буруп, мал ылаңдарын алдын алуу аракетин күчтөндүрүшүбүз керек. Бүгүн ачылып жаткан ветеринардык клиника мал арасындагы илдеттерди жоюга гана эмес, жарандардын саламаттыгын чыңдоого да салым кошот деген ишеничтемин. Себеби "Медициналык дарыгер адамды дарыласа, ветеринардык дарыгер жалпы адамзатты дарылайт" - деген кеп бар”,- деди.

Ошондой эле мал чарбачылыгы өлкө экономикасынын негизин түзөрүн айткан төрага: “Сандан сапатка өтүүгө мезгил келди. Малдын сапатын көтөрүп, эт жана сүт багытындагы мал жандыктарын көбөйтүшүбүз керек. Муну менен катар жайыттарды туура пайдаланууга аракет кылуубуз кажет. Антпесек, тоют маселеси күндөн күнгө көбөйүп, экологияга да терс таасирин тийгизери анык”, - деп кошумчалады.

Андан тышкары, төрага ветеринардык клиникага жардам катары өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сом тапшырды.

Эскерте кетсек, ветеринардык клиниканы курууга жалпы 4 млн 100 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий