• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ала-Буканын Көк-Серек айылында жарыктандыруу жакшырат

Аймак 0

Бишкек,15.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунундагы Көк-Серек айылына беш даана жаңы трансформатор алынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү бийлик жетекчилеринин эл менен болгон жолугушуусунда айыл аймактагы 150гө жакын түтүндүн жарыктандыруусу начар болуп, кыйынчылык жаралып жаткандыгы айтылган. Ага ылайык, Ала-Бука районундагы кен иштеткен компания менен түзүлгөн “Социалдык долбоорлор” келишиминин негизинде жалпы суммасы 750 миң сомду түзгөн беш даана трансформатор алынып берилди.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу иштери аяктаса, айыл тургундарынын жарыктандыруусу жакшырат.

Ала-Бука районунундагы Көк-Серек айылында 7 миң 200гө жакын калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий