Бишкек, 13.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүнкү күндө заманбап технологиялар өнүккөн заманда балдардын көпчүлүгү бош убактысында телефондогу оюндарды ойноого кызыгышат.
Өз кезегинде адистер аларды телефондордун терс таасирлеринен коргоо жана алыстатуу керектигин айтып келишет. Балдарды сергек жашоого үндөө менен ачык асман алдында пайдалуу оюндар менен ойнотуу маанилүү экендигин тастыктап турат.
Кыргыз элинде көз таңмай, кубалашмак, орто топ, жашынмак сыяктуу оюндардан башка ала күчүк, чикилдек, эчки таяк, ашкабак чапмай деген оюндардын бар экенин билчү белеңиз?
Бул ирет “Кабар” агенттиги педагогика илимдеринин доктору, профессор Хабибулла Анаркуловдун “Кыргыз эл оюндары” аттуу китебиндеги улуттук оюндар тууралуу маалыматтарды топтоду. Мындай оюндар жайкы каникул маалында балдарды күчтүү болууга, кыймылдарды так аткарууга, таамай көздөөгө, максатка жетүүгө, тартипти сактоого үйрөтөт.
Ала күчүк оюну
Оюнчулардын саны: 10-25 киши
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө
Оюндун эрежеси: Оюнчулар бири-биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушат. Өз ара макулдашуу менен ортого эки катышуучу чыгат, алардын бири качып, экинчиси кубалайт. Буйрук боюнча биринчиси тегерек болуп кол кармашып тургандардын арасынан кача баштайт, экинчиси – “ала күчүк” аны кубалап жетүү керек. Тегерек болуп турушкан оюнчулар “ала күчүккө” тоскоолдук кылышып, качып бараткан оюнчуга жардам беришет. Эгерде “ала күчүк” качып бараткан оюнчуну кубалап жетип алса, алар бири-бири менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Эгерде “ала күчүк” көпкө чейин жетип кармай албаса, тегеректе турган оюнчулардын бирөөсү менен орун алмашат. Оюн катышуучулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн.
Чикилдек оюну
Оюнчулардын саны: 3-6 киши
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа
Оюнда колдонуучу аспаптар: эне таяк (1 м), бала таяк (15-20 см)
Оюндун шарты: Кезеги боюнча бир топтун оюнчулары тегеректин жанында, экинчилери талаада турушат. Бала таяк тегеректин ортосунда чуңкурдун үстүнө коюлат. Биринчи оюнчу эне таяктын бир учу менен, бала таяктын астына киргизгенден кийин, аны бийиктикке ыргытып, бала таяк кайра жерге түшүп жатканда, эне таяк менен, талааны көздөй уруп, тегеректен алыс чыгарганга аракеттенет. Эгерде ошол оюнчу эне таяк менен, жерге түшүп жаткан таякчаны ура албаса же ургандан кийин бала таяк тегеректин ичине түшүп калса, ал оюнчу аракеттенүүсүн пайдаланды деп эсептелип, колундагы эне таякты кезектеги оюнчуга өткөрөт. Эгерде баланын таягы туура урулса, талаадагы оюнчулар аны жерге түшүрбөй абада кармап калышса, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Бала таякты кармай алышпаса, талаадагы оюнчулардын бирөөсү аны алып, тегеректи көздөй ыргытат. Ыргытылган бала таяк түшкөн жерден, тегерекке чейин, эне таяк менен өлчөнөт. Мисалы 10 таяк, бул деген 10 упай утулду деген болот. Жеңишке жетишкен оюнчулардын бирөөсү 3 жолу эне таяк менен бала таякчаны уруп алыстыкка учурат. Мисалы биринчи жолу бала таякча 20 м учуп барып түшөт, экинчи — 15 м үчүнчү — 20+15 + 20=55 м. Утулган топтун бирөөсү 55 м. аралыкты терең дем алып, төмөнкү сөздөрдү кайра дем албай айтып, жүгүрүп өтүүгө милдеттүү.
Эчки таяк оюну
Оюнчулардын саны: 2-5 киши. Оюн аянтчада, талаада өткөрүлүп, таяктар, топтор колдонулат. Чүкөлөрдү жана башка аспаптарды колдонсо да болот.
Оюндун эрежелери: Оюнчулар таяктардан дарбаза тургузушуп, андан 15—20 метр аралыкка бир катар кылып топторду тизишет. Андан соң оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашылат.Ар кимиси кезектери келгенде, бирдей таяктары менен топторду уруп дарбазадан өткөрүүгө аракеттенет. Оюн каалаганча уланат. Көп жолу топторду дарбазадан өткөргөн оюнчу жеңүүчү болот.
Ашкабак чапмай оюну
Оюнчулардын саны чектелбейт. Катышуучулар жекече же командага бөлүнүп ойносо болот.
Оюндун бардык катышуучулары калыс көрсөткөн жерге барып, кезегин күтүп турушат.
Оюн өтчү жерге бийиктиги бир метрдей казык кагылып, анын учуна ашкабак сайылат. Калыс кезектеги кишини өзүнчө чакырат да, алгач ага ашкабак турган жерге чейин кадамдап өлчөө мүмкүнчүлүгүн берет. Анан анын колуна 1,5 метрдей таяк карматып, көзүн жоолук менен таңып, эки, үч жолу тегеретет да, ашкабак жакка багыт берет. Оюнчу ашкабакка жакын барат да таягын жогорудан төмөн карай ашкабакка шилтейт. Эгер таягы ашкабакка тийбей калса, таяк менен экинчи жолу тап берүүгө же таякты чалгыча шилтөөгө уруксат берилбейт. Эл аны, эч сөз сүйлөбөстөн, тынч гана көрүп турууга тийиш. Калыс ар бир оюнчуну жакшылап карап, алардын кыймыл-аракетин эсепке алып турат.
Пикир
Оставить комментарий