• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Ала-Тоо" аянтына башкы желек үчүн флагштоктун айрым бөлүктөрү алынып келди

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо жана жаңылоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аянттагы өлкөнүн башкы желеги үчүн флагштоктун айрым бөлүктөрүн түшүрүү иштери жүрүүдө.

Флагшток Түркиядагы эң ири заводдордун биринде жасалып, атайын жабдуулардын жардамы менен жеткирилген. Бул полимердик каптоо менен жогорку бекем цинктен болот.

Буга чейин эски 45 метрлик мамыны (флагшток) жана ардактуу кароолдун кабинасын демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, борбордук аянтта бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагшток орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий