Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот – мэрия

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Учурда фонтандарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Эскиздик долбоор боюнча аянтта өзгөчө, тактап айтсак, музыканын коштоосундагы оргуштаган фонтандар курулат.

“Аянтта учурда эски фонтандар демонтаждалып, жаңы фонтандарды орнотууга даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле аянттагы брусчаткалар алынып, гранит таштары басылат”, - деп белгиледи Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров.

Калаа башчысынын орун басары кошумчалагандай, аянттын айланасындагы имараттар ирээтке келтирилет.

Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын директору Бактияр Жаманбаев билдиргендей, фонтандарды куруу иштерине керектүү айрым материалдар чет өлкөлөрдөн буйрутма менен алынып келүүдө.

Белгиленгендей, жүргүзүлүп жаткан иштер шаардыктар жана келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий