• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

“Ала-Тоо” аянтындагы митингге 250-300 дөй адам чогулду – Бишкек ИИББ

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. “Ала-Тоо” аянтындагы митингге 250-300 дөй адам чогулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ИИББдан билдирди.

Маалыматка ылайык, каршылык көрсөтүү акциясы өтүп жаткан жерде 100гө жакын милиция кызматкери турат, алар тартипти карап, абалды провокациялоого жол бербөөнү көзөмөлдөөдө.

Милициядан билдиргендей, митингдин уюштуруучулары алдын ала кабарлаган эмес.

Өз кезегинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дагы ушундай эле митинг өтүп жатканы кабарланды.

Жалал-Абад облустук ИИБдин маалыматы боюнча, акимиаттын жанында 200дөй адам чогулган.

“Мындан мурда митингге чыккандар Бишкек-Ош жолун тосуп алышканы айтылган, бирок андай эмес. Азыр ал жакта биздин кызматкерлер жүрөт”,-деп билдирди облустук ИИБден.

Эскерте кетсек, бүгүн митингге “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чыккан. Башкы прокуратура саясатчыга карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелеринде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгогон. 26-февралда ал “Манас” аэропортунан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий