Алай районунда "Айыл күнү 2024" жармаңкеси өттү – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бүгүн Алай районунун Гүлчө айылында аймактын өнүгүшүнүн жана эл аралык кызматташтыктын натыйжаларын көрсөткөн "Айыл күнү 2024" аттуу эң ири жармаңке өттү.

Иш-чараны президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн администрациясы, Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана Швейцариянын "Бай Алай" программасы бирге уюштурган. Жармаңке Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын 30 жылдыгына да арналган.

Иш-чарага президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев, Өзбекстандын Андижан облусунун жетекчиси Шухратбек Абдурахманов жана Швейцария өкмөтүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Алай жана Чоң-Алай райондорунун администрация башчылары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана ишкер коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев Алай, Чоң-Алай районунун тургундарын бүгүнкү ийгиликтери менен куттуктап, швейцариялык кызматташтыктын жана "Бай-Алай" программасынын жетишкендиктерине токтолуп, ыраазычылык баракча жана белектерди тапшырды.

Жармаңке акыркы он жылда "Бай Алай" программасы Швейцариянын колдоосу менен Алай жана Чоң-Алай райондорунун туруктуу экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүп келатканын көрсөттү. Иш-чарада мал чарбачылыгындагы, кашемир өндүрүүдөгү, бал челекчиликтеги, туризмдеги жана кол өнөрчүлүктөгү ийгиликтер көрсөтүлүп, программанын инновациялык мамилеси белгиленди.

"Бай Алай" долбоору иш жүргүзгөн 10 жыл ичинде Швейцария айыл жергесиндеги жакырчылыкты мүмкүн болушунча азайтыш үчүн жумуш орундарын ачуу жана жергиликтүү тургундардын кирише табышы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында аймактын өнүгүшү үчүн дээрлик 7 млн швейцар франкын бөлүп берген.

Швейцариянын бул долбоору "Хелветас" уюму тарабынан Ага Хан фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, Алай менен Чоң-Алайдын 23 миңден ашуун тургунуна мал чарбачылыгы, бал челекчилик, туризм жана кол өнөрчүлүгү сыяктуу тармактарда кирешесин арбытууга жардам берди.

Пикир

Оставить комментарий