Ош: Гүлчө айылына бийиктиги 33 метр флагшток орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Алай районунун Гүлчө айылына бийиктиги 33 метр флагшток орнотулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Гүлчө айылынын кире беришине орнотулган Флагштоктун ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик адмнистрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, Ош облусундагы район акимдери, Алай районунан чыккан саясый ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Белгиленгендей, флагштокту орнотууга Алай районунун тургуну, жеке ишкер Алмаз Абдраев демөөрчү болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аймактагы 7 райондордун кире беришине флагштокторду орнотуу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий