• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Алайда чакан ишкана 1,07 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Алай районундагы “Дары-Суу” ишканасы 1,07 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.епр

Ош облусунун Алай районунун прокуратурасы тарабынан Гүлчө айыл өкмөтүндө жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жылуу-Суу айылында жайгашкан “Дары-Суу” чакан ишканасы 1992-жылы Алай райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп, убактылуу пайдаланууга 1,07 га жер тилкеси бөлүнүп берилип, бирок аталган кыймылсыз мүлк бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык менчикке кабыл алынбастан, жеке жактар тарабынан мыйзамсыз жана тиешелүү укук тастыктоочу документтерсиз пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында Алай районунун прокуратурасы Гүлчө айыл өкмөтүнүн дарегине прокурордук акт келтирип, анын негизинде жалпы баасы 84 млн 530 миң сом деп бааланган "Дары-Суу" чакан ишканасы 1,07 га жер тилкеси менен кошо муниципалдык менчикке кайтарылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий