• 84.46
  • 93.22
  • 0.88

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери ата-энесинин уруксаты менен токтотулду

Кырсык 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери ата-энесинин уруксаты менен токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-апрелде болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган Э. уулу Б. аттуу бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылган. Тилекке каршы натыйжа болгон эмес.

“Бүгүн жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий