• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Алайда кар көчкүнүн алдында калды делген баланы 100дөн ашык адам издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында 2-апрель күнү болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдалдар министрлигинен билдиришкендей, ал маалда 14 жаштагы бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 30 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, мындан сырткары, жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылган.

5-апрелде саат 19:00дө натыйжа бербегендиктен издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери 6-апрель күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий