• 86.5
  • 91.38
  • 0.86

Алайда Коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Күн мурун Алай районунун Жибек-Жолу айыл аймагында Коомдук алдын алуу борборунун имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрнис Бекташов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча бюросунун программалык менеджери Ийи Микйанг, “Эл аралык толерантуулук үчүн” уюмунун Баткен кеңсесинин директору Роберт Абазбеков жана “Сейферуорлд” уюмунун Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Чыңгыз Исрайилов жана Чынгыз Иманалиев баштаган Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эрнис Бекташов пайдаланууга берилип жаткан коомдук алдын алуу борборун ачуу менен жарандардын бейпил турмушун камсыз кылууга кошкон зор салымы үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирип, ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалын жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Кошумчалай кетсек, аталган коомдук алдын алуу борборунун имаратын оңдоп түзөөгө, тийиштүү техникаларды буюмдарды сатып алууга жана иш бөлмөлөрүн жасалгалоого эл аралык уюмдар тарабынан 1 миллион сомдон ашуун каржылык колдоо көрсөтүлсө, жергиликтүү бюджеттен 585 миң 870 сом бөлүнгөн.

Эми бул имаратта КР "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамынын алкагында милиция кызматкерлери жана аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана жаштар комитети укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий