Алайда Мурдаш суусуна түшүп кеткен кичинекей бала изделүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Күн мурун Алай районундагы Мурдаш суусуна түшүп кеткен кичинекей баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Лада 212140" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Мурдаш суусуна түшүп кеткен. Унаада айдоочу менен кичинекей бала бара жаткан.

Куткаруучулар айдоочуну куткарып чыгып, ал эми жаш баланы издөө иштери уланууда.

Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 199 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий