• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алайда жаңы көпүрө курулуп, колдонууга берилди

Аймак 0

Ош, 12.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Алай районунун Тогуз-Булак айылынын Кутчу тилкесинде ӨКМ тарабынан жаңы көпүрө курулуп, кечээ, 11-октябрда колдонууга берилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов, министрдин орун басары Равшан Рысбаев, өкмөттүн Ош облусундагы атайын өкүлү Таалайбек Сарыбашев жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн узундугу - 12 метр, туурасы - 6,8 метр, бийиктиги – 3,4 метр. Курулуш иштери 2017-жылдын август айында башталган.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган көпүрө 86 кожолук, 76 окуучуну авто унаа каттамы менен камсыздайт.

“Көпүрөнү бойлой бийиктиги 3,4 метр, оң жээгинде 10 мерт аралык, ал эми сол жээгинде 83 метр аралыкка габион торчосу менен коргоочу дамба курулду”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий