Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Алай районунун Гүлчө айыл аймагына 2 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, техникаларды президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев тапшырды.
Жаңы атайын техникалар Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан аймактын муктаждыгына жараша облустук өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин атайын чечиминин негизинде сатып алынган.
Пикир
Оставить комментарий