• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Алайдын Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 мектептин курулушу аяктап калды.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Бүгүнкү күндө мектептин айланасын көрктөндүрүү жана футбол, волейбол аянтчаларын куруу иштери жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалган.

Белгиленгендей, долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, спорттук зал, көмүр сактоочу жай, сырткы ажаткана, суу сактоочу кампа жана оюн аянтчалары каралган. Объекттин жалпы аянты 1641 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий