Аламүдүн районунда 8 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Чүй облусунда 8 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 12-17-август күндөрү Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери, жергиликтүү айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар биргеликте кара куурайды жок кылуу иш-чараларын өткөрүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө 5,1 гектар жердеги 8 миң 290 килограмм жапайы кара куурай өрттөлгөн.

Аталган иш-чара Аламүдүн районунун Октябрь, Гроздь, Васильевка, Ленин, Аламүдүн, Лебединовка айылдарында жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий