• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 21-октябрда болжол менен саат 21:00дөр чамасында кызмат өтөп жүргөн Аламүдүн районунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине Кой-Таш айылында белгисиз төрт жарандын урушуп жаткандыгын айтып, жарандар кайрылышкан.

Окуя болгон жерге кызматкерлер барган учурда, болжол менен бычак жеген 40 жаштагы кишинин сөөгү жатканын аныкташкан.

Бул факты боюнча кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган К.П. аттуу жаран кармалды.

Учурда шектүү Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий