Аламүдүн районунда түтүкчөдөн жансыз дене табылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.10.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуна Ак-Жар конушунда (Айланма унаа жолдун боюнда) арыктагы суу түтүкчөсүнөн 43 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы туулган М.Б. атту эркек кишинин жансыз денеси тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат "102" кызматынан түшкөн.

Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, тыгылып калган кишинин жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий