• 87
  • 90.55
  • 0.84

Аламүдүн районунун тургуну Ж.Өмүркулов: Биздин өлкө жана эл С.Жээнбековдой президентке муктаж

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Бизге айылдан чыккан, элдин турмушун билген, көп жыл жетекчи болуп иштеген президент керек. Мындай талапкер бизде бар – ал Сооронбай Жээнбеков, деп билдирди Аламүдүн районунун тургуну Жаныш Өмүркулов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Жээнбековдун Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Ал ошондой эле Сооронбай Жээнбеков орус тили жана адабияты сабагынан берип, мугалим болуп иштегенин да эскертти. «Талапкер өз программасын так, даана жана жөнөкөй, жеткиликтүү кылып эки тилде айтып берди. Айылдан чыккан, совхоздун директору, колхоздун башкармасы болуп иштеген. Бизге айыл-чарбасын түшүнгөн, республикабыздын өндүрүшү, өнөр-жайын өстүргөн камкор президент керек. Мен ишенимдүү өкүл катары эл менен көп жолугушам. Шайлоочулар акча же нан сурабайт, алар тынчтык жана туруктуулук болсо экен дешет. Иштеп, акча тапканды го үйрөндүк. Ооруканалар, жолдор, бала бакчалар, мектептер жана туруктуулук – элдин негизги талаптары мына ушул. Биз Сооронбай Жээнбековду шайлайбыз, анткени өлкө жана элибиз ушундай президентке муктаж болуп турат», - деп билдирди Жаныш Өмүркулов жана Аламүдүн районунун жашоочуларын Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 04.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий