• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек, издөө иштери уланууда - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек, издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 15-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 07:00дө КР ӨКМнен 33 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий