Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,кечээ, 3-августта Аламүдүн районундагы "Кой-Таш" эс алуу борборунда 1998-жылы туулган М.А. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жигиттин сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий