• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Аламүдүндө 67 трансформатор оңдолуп, 180 темир бетон мамыча орнотулду

Коом 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Аламүдүн районунда 67 трансформатор капиталдык оңдоодон өтүп, 180 темир бетон мамыча орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн райондук электр тармагында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 65 пайызга аяктады.

Ошентип, энергетиктер 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында төмөндөгүдөй иштерди аткарышты:

Капиталдык оңдоо:

  • 67 даана трансформатордук көмөк чордон;
  • 32 чакырым аба чубалгысы өттү.

Техникалык тейлөө:

  • 416 даана трансформатордук көмөк чордон;
  • 681 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Андан тышкары, 180 даана темир бетон электр мамылары орнотулду. Бул иштер Аламүдүн районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий