Аламүдүндө аял бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен 1 млн сом алып, качып жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Аламүдүндө аял бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен 1 млн сом алып, качып жүргөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Т.А. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анда ал бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен ишенимине кирип, 1 млн сом акчасын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөн Э.Г. аттуу аялга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам иш-чарларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Э.Г. аттуу аял кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Ошол себептен милиция бул аялдан жапа чеккен жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат: Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23.

Пикир

Оставить комментарий