Аламүдүндө аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Аламүдүндө аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта болжол менен түнкү саат 01:30дар чамасында Аламүдүн районунун Степное айылында жайгашкан №2 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракеттенишкен.

Шектүү катары 36 жаштагы С.М.А. аттуу жаран кармалып, анын жанынан 8 уюлдук телефон жана 1 сим-карта табылган.

Аталган факты боюнча материалдар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө ыкчам тобуна өткөрүп берилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий