• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүндө дайынсыз жоголгон аял изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Аламүдүндө дайынсыз жоголгон аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Мурас-Ордо конушунун тургуну, 1953-жылы туулган А.А. аттуу аял 23-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

24-январь күнү аталган жарандын кийимдери Калыс-Ордо конушунда айланма унаа жол менен Чоң Чүй каналынын кесилишиндеги көпүрөнүн астынан табылган. Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып издөө иштери жүргүзүлгөн.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий