Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригородное айылында үйдүн ичинен газ түтүкчөсү жарылып, өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттүн кесепетинен эркек киши жабыркаган (аты-жөнү такталууда).
Тез жардам кызматкерлери жабыркаган жаранды №4 шаардык ооруканасына жеткиришкен. Өрттүн себеби такталууда.
Ал ортодо "Кабар" агенттигине "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, газ түтүкчөсү эмес, газ баллон жарылган.
Пикир
Оставить комментарий