• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Аламүдүндө мыйзамсыз берилген 868 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Аламүдүн районунда мыйзамсыз берилип кеткен 868 млн сомдук жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2011-жылы айыл өкмөттүн токтому менен Орто-Сай айылынын Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 4008 чарчы метр жер тилкеси 175 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталды.

Ошондой эле Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы токтомунун негизинде 0,75 га жер тилкеси “П.С” ЖЧКсына мыйзамсыз берилгендиги тастыкталган.

Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актылардын негизинде жалпысынан 868 млн 745 миң 400 сомдук мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий