Аламүдүндө өрттөн бир адам каза болүп, экинчиси ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Аламүдүн районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан "Бишкек-Алма-Ата" кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат т 14:00дө толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу аттуу эркек киши каза тапкан.

Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий