• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Аламүдүндө суу курулмаларын жана санитардык түйүндөрдү реабилитациялоо долбоорлору ишке ашты

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Аламүдүн районунун Кайырма айылында “Суу алуучу курулмаларды реабилитациялоо” жана Айдаралиев атындагы орто мектебинин “Ашканасын оңдоп-түзөө” долбоорлору ишке ашырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, долбоорлордун иши менен Дүйнөлүк банктын делегациясы, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Аламүдүн районунун акими Азамат Эргешов жеринен таанышты.

Суу курулмасы эми айыл жерин таза суу менен камсыздап, мындан ары суу таңкыстыгы жаралбайт. АӨБ жана АРИС тарабынан “Суу алуучу курулмаларды реабилитациялоо” долбооруна 25 млн сом жумшалды.

Ал эми Айдаралиев атындагы орто мектебинин “Ашканасын оңдоп-түзөө” долбооруна 2,9 млн сом сарпталып, кошумча каржылоонун эсебинен ашканага керектүү эмеректер, идиш-аяктар жана муздаткыч алынган. Ушул эле мектепте “Санитардык түйүндөрүн реабилитациялоо” долбоору кошо каралып, кошумча каржылоосуз 4,7 млн сомго ажааткана калыбына келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий