• 87
  • 91.29
  • 0.84

Аламүдүндө унааны айдай качкан айдоочу мамыны сүзүп алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Аламүдүн районунда эркек киши унааны айдап качып, жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга Ж.Ф. аттуу жаран кайрылып, 16-апрелде саат 12:00дөр чамасында 35-40 жаштагы белгисиз адам Карл Маркс айылынын Партсъезд көчөсүндө токтоп турган HONDA H-RV үлгүсүндөгү унаасын айдап качканын билдирген.

Белгилүү болгондой, унааны айдай качкан адам мамыны сүзүп алган.

Аталган факты каттоого алынып, шектүү катары Октябрь айылынын 37 жаштагы К.В. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий