• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

"Алатай" жаратылыш паркындагы уникалдуу кадрлар

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Алатай" жаратылыш паркындагы уникалдуу кадрлар менен бөлүштү.

"Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркы Токтогул районундагы Узун-Акмат тоолорунун Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан.

Жаратылыш паркынын аймагында уникалдуу эндемикалык флора жана фауна сакталып калган. Кыргызстандын Кызыл китебине кирген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү бар.

"Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркында үзгүлтүксүз илимий иштер жүргүзүлүп турат. Мында Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн 450 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 199 түрү жана канаттуулардын 111 түрү бар экени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий