• 87
  • 90.41
  • 0.84

Албаниядагы жер титирөөдөн 13 адам каза болуп, 600дөн ашыгы жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Албаниядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 13кө жетип, урандылардын астында калган 28 адам куткарылгандыгын өлкөнүн премьер-министри Эди Рама билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жер титирөө Албаниянын борбору Тирандан бир аз алыс эмес жерде болуп, күчү 6,4 баллга жеткен. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан 13 адам көз жумуп, 600дөн ашыгы жабыркаган.

"Урандылардын астында калган 28 адам куткарылды. Италия, Греция, Франция, Түркия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн куткаруучулары урандылардын астында калгандарды издөөсүн улантууда", - деп билдирди өлкөнүн премьер-министри.

Өлкөдө бир катар жарандар дайынсыз жоголгондугу айтылууда.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматында, катуу жер силкинүү Тиран жана Дуррес шаарында байкалган. Кырсыктан ураган имараттардын алдында дагы адамдар бардыгы божомолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий