• 87.86
  • 93.94
  • 1

Алексей Конев: «Каприз-Каракол» мейманканасы «Бакай Банктын» колдоосу менен курулган

Коом 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. «SKD» холдингинин башкармасынын төрагасы Алексей Конев Караколдогу тоо лыжа базасынын калыбына келтирилиши, «Бакай Банктын» колдоосу менен «Каприз-Каракол» мейманканасынын курулушу жана базанын шаардын өнүгүүсүнө тийгизип жаткан таасири туурасында айтып берди.

Караколдогу тоо лыжа курортун Кыргызстандагы эң алдыңкы эс алуучу жайлардын бири деп атап келишет. Базанын символдору — кар жамынган ийне жалбырактуу токой аркылуу өткөн трасса жана ак карлуу тоо боорунда жайгашкан тоо лыжа мейманканасынын үч бурчтук чатыры.

Бирок биз мындай базаны 2000-жылдардын ортосунда реконструкциялоо жүргүзүлүп, жаңы аркан жолу жана инфраструктура курулгандан бери эле билебиз. Совет маалында Пржевальскидеги база башкача болчу.

«SKD» холдингинин башкармасынын төрагасы Алексей Конев Караколдогу тоо лыжа базасы СССР учурунда жалпы союздук мааниге ээ болуп, тоо лыжа спорту боюнча Олимпиадалык кураманын машыгуусу үчүн колдонулуп келгендигин айтат.

Биринчи лыжа мелдешинин катышуучулары эс алууда. Пржевальск 1939-жыл. Тарткан автор: Ермаков

Комсомолдор, Пржевальск атындагы мектептин жаш спортчулары Софья Мусина жана Валентина Щекина лыжа жарышында аялдар арасында биринчи жана экинчи орунду ээлешти. Пржевальск. Сүрөттүн автору: Ткаченко

Пржевальск пединститутунун лыжа мелдешинин жеңүүчүлөрү. Солдон оңго карай: Е. Ильина, Л. Руднева жана В. Теплякова. Сүрөттүн автору: Ракитин

Кыш түшөрү менен Пржевальскидеги балдардын спорттук мектеби өз ишин баштады. Сүрөттө машыктыруучу С. Францубов машыгуу учурунда. Сүрөттүн автору: Ракитин.

Тоо лыжа спорту боюнча республикалык мелдештердин жеңүүчүсү В. Давыдов. Пржевальск, 1985-жыл. Сүрөттүн автору: Жиганов

«Каракол тоо лыжа базасы Советтер Союзу учурунда эле иштечү, андагы тоо лыжа мектебинде союздук мелдештер өткөрүлүп турган. Бул базанын мааниси жогору болчу, бирок Союз кулаган соң , база да бузула баштады. Аркан жол дагы бугелдик болуп, энтузиасттар гана келип калган», — деп эскерет Конев.

Азыр Караколдогу курорттун тоо боорлору үч орундуу эки отургуч жана эки орундуу эки отургучу бар жогорулаткычтар менен тейленет.

«90-жылдардын соңунда орусиялык инвесторлор жаңы аркан жолун курушуп, тоо лыжа базасы жандана баштады. Ага ылайык тоо лыжа мейманканасын куруу талабы жаралды. 2009-жылы биз «Бакай Банктын» колдоосу менен ал жакта «Каприз-Каракол» мейманканасын курдук. Он жылдан бери бул отель Орто Азиядагы мейманканалардын эң мыктысы деп аталып келет», — дейт ишкер.

Анын сөзүнө караганда, бир эле «Каприз-Караколдо» 60 адам жумуш менен камсыз болушкан, алардын көпчүлүгү — Ысык-Көл областынын тургундары.

«База Каракол шаарынын өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизип жаткандыгы туурасында сөз кыла турган болсок, алдыга чоң кадамдар жасалды десек болот. Миңдеген адамдар туристтик индустрияга багытталган кичи жана орто бизнестерин түптөп, иштеп жатышат», — дейт Алексей Конев.

Ишкердин пикирин шаардагы HoReCa тармагындагы мекемелердин саны тастыктап турат. Караколдо мейманканаларды жана кафелерди брондоо сайтында 90дон ашык мейманкана жана тамактануучу 70тен ашуун мекеме катталган.

«“Бакай” чет элдик банктарга татыктуу атаандаш боло алат»

Бизнесмен «БТА Банктын», капиталы толугу менен Кыргызстандыкы болгон «Бакай Банкка» биригип жатканын жагымдуу кабар деп эсептейт.

«Биригүү жөнүндө укканмын. «Бакай» импорттук банктарга татыктуу атаандаш боло алат. Мен бул банктарга ишенем «БТАга» дагы, «Бакайга» дагы. Менин билишимче, «Бакайдын» акционерлердин бары кыргызстандыктар, алар өз өлкөсүн жана рынокту билишет. Ал эми банктардын биригүүсү — эң сонун кадам», — деп белгилейт «SKD» башкармасынын төрагасы.

«SKD» холдинги 2007-жылы уюштурулган. Бул топтун долбоорлорунун арасында Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунун курулушу, Бишкектеги «Россия» оюн-зоок борборун реконструкциялоо, Оштогу шаардык бассейнди реконструкциялоо жана башка иштер бар.

Пикир

Оставить комментарий