• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Алимбаев: Баткен облусунун туристтик потенциалы жогору

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Баткен облусунун туристтик потенциалы жогору. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аймактагы туризмди өнүктүрүү кеңешинин отурумунда билдирди.

Жыйынга облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев, жергиликтүү жетекчилер жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Алгач Баткен облусунун аймагын комплекстүү өнүктүрүүнүн модели катары Мадыген геопаркын өнүктүрүү боюнча ЮНЕСКОнун гео илимдер жана геопарктар боюнча эл аралык программасынын долбоор жетекчиси, Кыргызстандын Тянь-Шань геологиялык коомунун башчысы Алексей Дудашвили баяндама жасады.

Иш-чаранын катышуучулары туризмди өнүктүрүүнүн келечеги жана көйгөйлөрүн талкуулашып, бул багытта ишке ашырылуучу бир канча приоритеттүү долбоорлор менен таанышышты.

Облустук өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, кеңештин мүчөлөрү жана туристтик компаниянын өкүлдөрү туристтик чөйрөдөгү бир катар маселелерди көтөрүп, алардын чечүү жолдорун карашты.

Пикир

Оставить комментарий