• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Алимбаев Индиянын КРдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү баштаган делегация менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Индиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Раджеш Кумар баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жжолугушууда Раджеш Кумар Баткен облусуна алгачкы ирет келгенин айтып, облустун потенциалын көтөрүү максатында кызматташуу анын башкы максаты экенин билдирди.

Облус башчысы өз кезегинде Раджеш Кумар баштаган өкүлдөргө Баткен облусуна өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки элдин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдɵɵдɵ жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо кɵрсɵтүлɵɵрүн айтты.

Мындан сырткары, эки тараптуу жолугушууда облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экономикалык, инвестициялык тармагын биргеликте өнүктүрүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл аймактын социалдык-экономикалык жана стабилдүү өнүгүшүндө алардын колдоосу маанилүү роль ойнойт деген терең ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий