• 87
  • 90.41
  • 0.84

Алишер Усманов Өзбекстанда орус тилин окутууну жакшыртуу программасын колдоду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги, Россиянын Агартуу министрлиги жана Алишер Усмановдун “Искусство, илим жана спорт” кайрымдуулук фонду “Класс!” аттуу жаңы долбоор баштоо боюнча макулдашты. Долбоор өзбек мектептеринде орус тилин окутууну жакшыртууга багытталат.

“Класс!” долбоорунун биринчи баскычына ылайык, 32 россиялык методист Өзбекстанга келип, жергиликтүү мектептердеги окуучулардын жана мугалимдердин тил билүү деңгээлине байкоо жүргүзүшүүдө.

2021-жылы дагы 100 россиялык адис келери пландалууда.

6-октябрда элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов мектептерде англис жана орус тилдерин үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурула баштай турганын билдирген.

Анда министр бул максатта Россиядан адисттердин алгачкы тобу келгенин, алар А.Авлони атындагы квалификацияларды жогорулатуу институтунда иштеп башташканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий