Алишеров: Кыргызстан экспорт боюнча пандемияга чейинки көрсөткүчтү ашып өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстан экспорт боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык кризиске чейинки көрсөткүчтү ашып өттү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕАЭБдин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо учурунда президенттик аппараттын ЕАЭБ боюнча бөлүмүнүн башчысы Эльдар Алишеров билдирди.

Ал ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандын төрагалык кылуу ролун, анын ичинде акыркы 2020-2022-жылдар аралыгындагы үч жыл экономикалык пландан алганда катаал болгонун белгиледи.

“Алдын ала эсептөөлөр көңүл жылытарлык болбоду. Бардыгы экономика кыйрай баштайт, жеткирүү чынжырчасы жоголот деп нааразы болушту. Ооба, башында кыйынчылыктар болду, бирок 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин ИДПсынын өсүшү 3,6% түздү, Кыргызстанда январь-август айларында ИДП 8%га чейин өстү, экспорт дагы ылдам өстү, ушундай темп менен биз пандемияга чейинки мезгилди да басып өттүк”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий